14:12, 04 апреля 2020, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад областы боюнча COVID-19 вирусун аныктоого лабораторияларга келген экспресс-тесттин 1 миң 96сы колдонулду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, аймакка 5 миң тест келген.
Белгилей кетсек, Жалал-Абадда биринчилерден болуп коронавирус жуктурган бейтап катталды. Учурда бул региондо аталган инфекция менен оорукана түшкөндөрдүн саны 60тан ашты.
Облустун Сузак району менен Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал тартиби киргизилген.