Кыргызстанда коронавирустан дагы үч бейтап айыкты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял.
«Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн. Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды», — дейт штаб.