Кыргызстанда 9 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды

10:37, 04 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 9 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

COVID-19 вирусун жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин жетөө  Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкекте жана дагы бирөө Ош облусунда иштейт. 

Дарыгерлердин абалы боюнча так маалымат жок. 

Буга чейин Кыргызстанда вирус жуктуруп алган дарыгерлер боюнча маалымдалган эмес.