Бишкекте жүк ташуучу унаалар кенен-кесири жүрө алышат

11:35, 03 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын өткөрмө кагаздары жокко чыгарылды. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын билдирүүсүндө, дары-дармектерди жана социалдык маанилүү товарларды ташыган жүк ташуучу унаалардын өтмө кагаздарын жокко чыгарылды.

«Алардын санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу чечими кабыл алынды», — дейт комендант.