Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Бир суткада 14 жарандан коронавирус аныкталды.
Өлкөдө вирус жуктургандардын саны — 130, айыккандар — 5, каза болгондор — 1.
Белгилей кетсек, коронавирус биринчилерден болуп 18-мартта Сузак районунун 3 тургунунан ырасталган. Алар 13-мартта Сауд Арабиядан умрадан келишкен.