21:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Алматыда 20 миң киши жашаган кичирайон карантинге жабылды

Алматыда «Асыл Арман» ири турак жай комплекси коронавирус экинчи кишиден табылгандан кийин карантинге жабылды.

«Асыл Арман» комплексинде 20 миндей киши жашайт: 21 үйдө 5 миңден ашуун батир бар. 28-мартта ал жерде жашаган кыздан COVID-19 вирусу аныкталгандан кийин турак жайдын бир подъезди гана карантинге жабылган.

Жергиликтүү бийлик комплекстин коомдук жайларында дезинфекцияны күчөтүүгө, ушул райондун гана жашоочуларын тейлей турган амбулатордук жай уюштурууга убада берди.

Алматы облустук акимчилиги азык-түлүктөр аразан баада сатыларын, тургундар менен сүйлөшүү иштери жүргүзүлөрүн, аймакты полиция курчоого алганын, күзөт үчүн аскерлер тартылганын билдирди.

Казакстанда 3-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 435ке жетти, үч киши өлдү, 26 адам айыгып чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума