Коронавирус. Ноокатта 61 жаштагы бейтап каза тапты

09:26, 03 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Ноокат районундагы ооруканада жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, маркум чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан.

ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Белгилей кетсек, 3-апрелге карата вирус жуктургандардын саны 125ке жетти.