Бул медициналык каражаттарды Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго тапшырды.
Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктайт. Илдетти аныктоодо реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт. «Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттерде коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», деп айтылат штабдын маалыматында.