Өзбекстандан Кыргызстанга миң тонна ун гуманитардык жардам келди

16:30, 02 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, жүк Андижан облусунунан Ош шаарына жеткирилди.

Гуманитардык жардам катары миң тонна ун, 7 миң комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 мин кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы жеткирилди.

Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.