04:02
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Пакистанда үч кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды

Пакистандын Абботабад шаарында үч кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Маалыматка караганда, алар 70, 68 жана 61 жаш курактагы жарандар.

«Кыргызстандын тогуз жараны Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн. Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлө мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө», — дейт штаб.


Эң көп окулган жаңылыктар