13:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекти азык-түлүк менен камсыз кылууга 2 миң 700 ишкерге уруксат берилди

Комендатура 2 миң 700 коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерге өткөрмө кагазын берди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бул шаарды азык-түлүк жана тамак-аш менен камсыз кылууга жетиштүү.

«Калаанын чет жакасында айрым көйгөйлөр бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз», — деди ал.

Андан тышкары, медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган 700 ашык фирма өткөрмө кагазын алды.

Эң көп окулган жаңылыктар