10:01
USD 87.45
EUR 103.76
RUB 1.14

Аида Исмаилова менен Сабиржан Абдикаримов депутаттардын колдоосуна ээ болду

Вице-премьер-министрлик кызмат орунга Аида Исмаилова жана  саламаттыкты сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримов бекитилди. Алардын талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңеш колдоду.

Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов акыркы жылдары Карантин жана өзгөчө инфекциялар борборун жетектеп келди. 

Мурдакы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өз арызынын негизинде кызматтан алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар