09:50, 02 апреля 2020, Бишкек - 24.kg
Вице-премьер-министрлик кызмат орунга Аида Исмаилова жана саламаттыкты сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримов бекитилди. Алардын талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңеш колдоду.
Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов акыркы жылдары Карантин жана өзгөчө инфекциялар борборун жетектеп келди.
Мурдакы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өз арызынын негизинде кызматтан алынды.