СOVID-19. Ооруканада жаткан эки адамдын абалы оор

09:22, 02 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

СOVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу республикалык штаб маалымда

Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган экөө оор акыбалда.

Экөө Ноокат райондук, экөө Ош шаарындагы, бирөө Жалал-Абад облустук ооруканасында жатат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Буга чейин үч бейтап ооруканадан чыгарылган.