Коронавируска чалдыккан беш учур катталды, Жалпы жугузгандар — 116

09:07, 02 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

2020-жылдын 2-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 5 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Анын айтымында, вирус жаңы аныкталгандардын экөө Ош облусунун тургундары, 1- Ош шаары, 2 Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан.

Эки жаран сырттан жугузуп келсе, үчөө сырттан келгендер менен байланышта болгон.