Жакынкы саатта Чүйдө жана Бишкекте катуу шамал болот

10:35, 01 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Жакынкы саатта Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Мекеме унааларды бак-дарактардын астынан алыс токтотууну өтүнөт.