Ысык-Көлдө бир жумада 5 өспүрүм асынып алды

10:15, 01 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондору жана Балыкчы шаарында беш өспүрүм асынып алды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Азыр кырсыктын себептери такталууда.

«Өз өмүрүнө кол салгандар 11-14 жаштагы өспүрүмдөр. Көбүнчө ата-энелер менен уруштан улам балдар кескин чараларга барышкан», — дейт жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Эскерте кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу өлкөдө карантин жарыяланган.