09:46, 01 апреля 2020, Бишкек - 24.kg
Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, 8 айыл тургуну үй карантиндин шарттарын бузган.
«Коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Нарында Пакистандан дааваттан келгендер дагы карантин тартибин сактабай жатышканы айтылган.