Коменданттык саат. Бишкекте түнү 119 адам кармалды

09:16, 01 апреля 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекте түнү 119 тартип бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Кармалгандардын 17си аял, 102си эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. 

Белгилей кетсек, коменданттык саат киргизилген аймакта түнү көчөгө чыгууга тыюу салынат.