Жакынкы дүкөндөн соода кылуу, 30 мүнөт сейилдөө. Өзгөчө абал тартиби күчөтүлдү

09:42, 31 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек комендатурасы  камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.

Шаардыктар төмөнкү учурда гана көчөгө чыгат алат:

— жашаган жеринен жумушуна чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;

— каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 км алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;

— үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;

— ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;

— адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда гана үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.

Комендант өзгөчө абалда туугандарга, досторго, кошуналарга конокко барууга тыюу салынганын белгилейт

«Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулуу, жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө болбойт. Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, бардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун», — дейт комендант.