09:10, 31 марта 2020, Бишкек - 24.kg
«Кумтөр Голд Компани» Ысык-Көл облусуна коронавирус менен күрөшүүсүнө жардам иретинде 100 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу компанияныны ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, акча каражаты коронавирус инфекциясын облус аймагында жайылтууга каршы иш-чараларга катышкандарды жана мекемелерди керектүү медициналык каражаттар менен жабдууга жумшалат.