Буга чейин каза болгон 64 жаштагы аялдын уулу апасынын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, видеокайрылуу жасаган. Анын айтымында, дарыгерлер апасынын оору белгилерине карабастан, бир нече жолу аны ооруканага алып кетүүдөн баш тартышкан.
Видео социалдык түйүндөргө жарыялангандан кийин облустук саламаттык сактоо башкармалыгында кызматтык иликтөө башталган. Жыйынтыгында чакыруу менен бейтаптын үйүнө барган дарыгерлер аны ооруканага алып кетүүдөн баш тартышканы аныкталган. Аткаминерлердин айтымында, дарыгерлер бейтап суук тийип ооруп калган деген жыйынтыкка келишкен.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 300дөн ашты.