«Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Кубатбек Боронов басма сөз жыйынында өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Кыргызстанда ушу тапта коронавирус аныкталган 94 киши бар. Бул илдетти жайылтпаш үчүн Бишкек шаары баш болгон үч шаарда жана үч райондо 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланган. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, бир катар чектөөлөр коюлган.