14:05, 30 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандыктарды ашата сөккөн Даниэль Ажиев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды.
Даниэль Ажиев алгач коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн айткан. Канча акча жумшаганы белгисиз, бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосу жарыяланган.
Көпчүлүк Ажиев вебкам-моделдердин студиясынын ээси экенин айткандан кийин ал инстаграм баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын баарын ашата сөгүп, порно индустрияда тармагында иштеп акча тапканын мойнуна алды.