20:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектиктер коменданттык саат эрежелерин эң көп бузушат

Бишкек шаарынын тургундары коменданттык саат эрежелерин эң көп бузат. Бул боюнча Республикалык штабдын маалыматында белгиленет.

Өткөн суткада коменданттык саатты Бишкек шаарында 120 адам бузду. 

Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда - 13 адам,  Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда - 9 адам.

Белгилей кетсек, аталган аймакта кечки 08.00дөн таңкы 07.00гө чейин сыртка чыгууга болбойт. Бүгүндөн тарта комендатура катаал эрежелерин киргизерин белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар