Коронавирус табылган эки жаран -Чүй облусунун Көк-Жар айылынын тургуну. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Атасы уулу менен бирге Дубайдан 12-мартта учуп келген. Алар текшерүүдөн өтүп, үй карантинине чыгарылган. 28-мартта тапшырган анализден коронавирус аныкталды.
Министрликтин билдирүүсүндө, баардык үй-бүлө мүчөлөрү учурда карантинде.
Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 84гө жетти.