Бишкекке коменданттык сааттын эрежесин бузгандар кармалды

09:35, 29 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкекке коменданттык сааттын эрежесин бузгандар кармалды. Бул тууралуу ордо калаанын комендантты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды.

Алардын 15и аял, 104ү эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран.

Белгилей кетсек, коменданттык саат учурунда кечки 8.00дөн таңкы 7.00гө чейин эшикке чыгууга тыюу салынат.