Күздө өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоону жылдыруу сунушталууда

12:53, 27 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңешке шайлоону жылдыруу сунушталууда. Демилгени депутат Дастан Бекешов көтөрүүдө.

Анын айтымында, парламентке шайлоону 2021-жылга которуп, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүү зарыл.

«Коронавирустун жайылышы токтогон учурда дагы бюджетте тартыштык болот. Жогорку Кеңеш шайлоого тарткап кетпей, зарыл иштерди аткарышы керек», — дейт ал.

Ал шайлоого кете турган миллиард сомду башка тармакка жумшоону сунуштайт.