11:45, 27 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Өзбекстанда коронавирустан бир жаран каза болду. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымдайт.
Наманган облусунун тургуну 26-март күнү коронавируска шектелип оорукана түшкөн. Андан коронавирус табылды.
«Ал инфарктан набыт болду. Жардам берүү аракеттеринен майнап чыккан жок», —деп билдирди Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министрлиги.
Маалыматка караганда, маркумга вирусту 12-мартта Түркиядан келген кызы жугузган.
Өзбекстанда вирусту 83 адам жуктурду.