Ошто коменданттык саатты 44 адам бузду

10:37, 27 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Ош облусунда коменданттык саат убагында 44 адам кармалды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Ош шаарында 22 адам, Кара-Суу районунанда 20, Ноокат районунда 2 адам кармалды.

Жалпы Ош облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө.

Бишкекте 146 адам коменданттык саат учурунда кармалды.