21:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандыктарды ашата сөккөн Даниэль Ажиев 48 саатка кармалды

Порно ишкер Даниэль Ажиев 48 саатка кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Даниэль Ажиев суракка чакырылып, кийин камоого алынды. Анын баш коргоо чарасы сотто каралат. Ага улуттук, расалык, этникалык жана аймактык кастыкты козгоо айыбы тагылууда.

Даниэль Ажиев алгач коронавирус менен күрөшүү үчүн 7 миллион сом бөлөрүн айткан. Канча акча жумшаганы белгисиз, бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосу жарыяланган.

Көпчүлүк Ажиев вебкам-моделдердин студиясынын ээси экенин айткандан кийин ал инстаграм баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын баарын ашата сөгүп, порно индустрияда тармагында иштеп акча тапканын мойнуна алды.

Эң көп окулган жаңылыктар