Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушууда Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясынын Евробиримдик өлкөлөрүнө жайылып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эпидемиялык кырдаалдын тез арада оңолуп кетишине үмүтүн билдирген.
Ошондой эле пандемиядан улам терс көрүнүштөрдү азайтыш үчүн Кыргызстанга кошумча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылган.
Евробиримдиктин өкүлү Кыргызстандын абалы жана колдоо зарылчылыгы жөнүндө маалымат уюмдун штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн кабарлаган.
Буга чейин кыргыз бийлиги Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) да ушундай өтүнүч менен кайрылган болчу.
Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди.
Бүгүн вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавируска байланыштуу жагдайдан улам быйылкы бюджетке 27-28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар экенин билдирген.