Буга чейин Нур-Султанда төрт бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланып жатканы, бир адам жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганы кабарланган.
Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 113кө жетти.
28-марттан тартып өлкөнүн Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында карантин чаралары күчөтүлөт. Аларга ылайык, шаар тургундарына азык-түлүк, дары-дармек алууга жана жумушка барып келүүгө гана үйлөрүнөн чыгууга уруксат берилет. Бардык сейилдөөчү жайлар, балдар аянтчалары жабылат. Мындан тышкары коомдук транспорттун жүрүшү чектелип, үч кишиден ашуун жолуугуга тыюу салынат.