19:19, 26 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Америка президенти Дональд Трамптын неберелери дүйнөдө күч алган «Колду жууйбуз» эстафетасына катышты. Алардын видеосун апасы Иванка Трамп өзүнүн Facebookтагы баракчасына жүктөгөн.
«Вирустун жайылышын токтотуу үчүн баарыбыз өз милдетибизди аткарышыбыз керек», — дейт Иванка Трамп.
Белгилей кетсек, «Колду жууйбуз» эстафетасына АКШнын актеру Арнольд Швацнегр, Хью Джекман, ырчы Глория Гейнор катышкан.