Өкмөт ишкерлерге онлайн режимге өтүүнү сунуштайт

15:20, 26 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Өкмөт өнөр жай товарларын жана техниканы онлайн режимде сатууга өтүүнү сунуштайт. Бул туурасында 26-мартта КР вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.

Ал Кыргызстан Россия жана АКШдай бизнеске жардам көрсөтө албастыгын белгиледи.

«Бул өлкөлөрдүн бизнести колдоо үчүн ресурстары бар. Биз финансалык мүмкүнчүлүгүбүзгө ачык баа беришибиз керек», — дейт ал.

Анын айтымында, чек аранын жабылышы, айрым тармактардын ишин токтотушунан улам бюджет 27-28 миллиард сом жоготушу күтүлөт.