12:03, 26 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Коронавирус менен күрөшүү боюнча өкмөт жүргүзүп жаткан иш-чараларды колдоо иретинде ачылган эсепке 35 миллион 293 миң 891 сом которулду. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Белгилей кетсек, атайын эсепке Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев — 1 миллион сом, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жана «ЦУМ Айчүрөк» — 1,5 миллион сом, парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом, «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов — 3 миллион сом, «Дордой» — 1 миллион сом, тишкер Нурлан Ибраев — 1миллион сом, Самсаалы Четимбаев — 10 миң сом, «Неман фарм» — 900 миң сом, «Лекарь» — 300 миң сом, Эл аралык ишкерлер кеңеши — 21 миң 258 сом, президент Сооронбай Жээнбеков — 53 миң сом, муфтият 700 миң сом, «Нурзаман» курулуш компаниясы — 1 миллион сом, Конституциялык палатанын судьялары — 28 миң 700 сом.