14:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жумгал районунда давааттан келген үч жаран карантинге алынды

Нарын облусунун Жумгал районунда Бангладештен келген үч жаран карантинге алынды. Бул тууралуу райондун акими Адыл Сапаров 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, үчөө тең төрт ай бою Бангладеште даваатта жүрүшкөн.

«Алар азыр Чаек айылындагы мурдакы мейманканага жаткырылды. Биз аларга жуучу каражаттарды, тамак-аш бердик. Аларга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп турабыз», — дейт аким.

Кыргызстанда 44 киши коронавирус жуктуруп дарыланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар