Бишкекте каттоосу жок жарандар жашаган жеринен маалымат кагазын алышы керек

16:35, 25 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында каттоосу жок адамдар жашап жаткан жеринен маалымат кагазын алууга тийиш. Бул туурадуу ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, шаарда туруктуу жашагандар тез арада квартал башчыларынан маалымат кагазын алууга тийиш.

Алмаз Орозалиевдин айтымында, тамактарды жеткирүү кызматтарынын жумушу күндүз чектелбейт. Алар иши кечки 8.00гө чейин жүргүзө алат.