Кыргызстанда вирусту дагы эки адам жуктуруп алды. Бири Дубайдан келген

15:10, 25 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда коронавирусту дагы эки адам жуктурду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында,  COVID-19 аныкталгандардын саны 44кө жетти.

Илдет аныкталгандардын бири жакында Дубайдан келген 1985-жылы туулган Чүй облусунун Москва районунун тургуну, эркек киши. Экинчиси 1960-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну. Ал Испаниядан келген адамды аэропорттон күтүп алган.  

Жуктургандардын саны:

- Ош облусунда – 20;

- Жалал-Абад облусунда – 19;

- Бишкек шаарында – 3;

- Чүй облусунда – 1;

- Баткен облусунда – 1.