18:54, 24 марта 2020, Бишкек - 24.kg
Коронавируска шектелген бөбөктөн илдет аныкталбады. Бул тууралуу маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, карантинге жаткырылган бейтаптардын арасында эки бир жашка жетпеген ымыркай бар.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.
Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.
Учурда Жалал-Абад облусунда — 19, Ошто — 20, Баткенде −1, Бишкекте-2 адам вирус жуктуруп алгандыгы ырасталды. Калган облустарда каттала элек.