06:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда өзгөчө абал киргизилди

Бишкек жана Ош шаарлары менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат районуна өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейинки мөөнөттө болот. Аталган шаар жана райондордо комендатуралар түзүлдү.

Президент кол койгон буйрук Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Өлкө башчысы аталган региондордо өзгөчө абал учурунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн камсыз кылууну белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума