Жаңы талаптарга ылайык Британиянын жарандары жүйөлүү себеп болбосо, үйдөн чыга алышпайт. Азык-түлүк алып келүүгө, күнүнө бир гана жолу таза абага чыгууга, зарыл учурда бирөөгө жардам берүүгө, үйдөн иштөөгө шарт жок болсо гана жумушка барууга уруксат берилет. Башка учурларда үйдөн чыгууга тыюу салынды. Дүкөн, ресторан жана башка жайлар жабылды.
Британияда 23-мартта эртең менен коронавирус аныкталгандардын саны 6500 киши болуп, каза болгондордун саны 335ке жетти.