Коронавирус аныкталган 2 жаран кичи ажылыктан келген

19:05, 23 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Ноокатта кичи ажылыкка барып келгендердин ичинен дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Алар 12-13-мартта Сауд-Арабиядан келишкен. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка таянсак, коронавируска чалдыккандар 1960-жылы туулган аял менен эркек киши. Алар Ноокат районунун тургундары.

Эске сала кетсек, Ноокат районунан дагы 2 кыргызстандык жарандан коронавирустун симптомдорун тастыкташты. Кыргызстандан жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келгендер. Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө.