Өкмөт экспортко чыгарууга тыюу салган товарлардын тизмеси

15:32, 23 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, алты ай товарлардын төмөнкү түрлөрүн өлкөдөн экспорттоого болбойт:

— буудай;

-буудай уну;

-өсүмдүк майы;

-күрүч;

-макарондун түрлөрү:

— шекер;

— тоок жумурткасы:

— тамак-аш үчүн йоддолгон туз;

— тоют (чөп, саман, улпак жана дан тоюту);

— кагаз кол аарчылар жана башка бактерияга каршы, дезинфекциялоочу каражаттар.

Бажы кызматы, Чек ара кызматы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү керек болот.