Жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулду

09:58, 23 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулду. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ага ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жана Ош шаарындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо өзгөчө кырдаалдар учурунда токтотулат.

Белгилей кетсек, шайлоо 12-апрелде өтмөк.

Кыргызстан 23-марттан тарта бир айга коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар киргизилди.