17:50
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Коронавируска каршы күрөштү колдоо үчүн 5,2 миллион сом которулду. Алар кимдер?

Коронавируска каршы күрөштү колдоо үчүн Финансы министрлигинин эсебине которулган акчадан азырынча бир тыйында коротула элек. Бул боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, акчаны көзөмөлдөчүү байкоочу кеңеш түзүлөт. Ага өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнес өкүлдөрү кирет.

Акыркы маалымат боюнча атайын эсепке 5миллион 200 миң сом топтолду.

Финансы министрлиги акча ээлеринин ачык атабайт. Бирок, биринчилерден болуп Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 1 миллион сом которгону маалым. Андан кийин парламенттин мурдакы депутаты Алманбет Шыкмаматов 10 миң сом.

Дагы бир депутаты Марлен Маматалиев убадалаган 500 миң сомду өзүнүн атынан, «ЦУМ Айчүрөк» соода борборунан 1 миллион сом которду.

Ырчы Мирбек Атабековдун үй-бүлөсү 200 миң сомду убадалады.

Өткөн жумада «Республика» партиясынын мурдакы лидери Өмүрбек Бабанов 5 миллион сом которорун айткан. Бирок, ал акча азырынча түшө элек.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсеби — 4402011000101373. Акчаны которууда «14 511 100 — мамлекеттин пайдасына киреше» кодун колдонуу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар