10 азык-түлүктүн баасына чектөө киргизилди

17:38, 20 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 10 азык-түлүктүн туруктуу баасын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо аппаратынан билдирди.

Белгилегендей, өлкөнүн баардык райондорунда азык-түлүктүн туруктуу баасын анализдөө жүргөн. Анын жыйынтыгында нандын, ундун, суу май, пахта майы, шекер, жумуртка, уй эти, кой эти жана чочко этинин туруктуу баасы аныкталган.

«Азык-түлүктүн баасы ишкерлердин баардык чыгымдарын эске алуу менен коюлду. Бүгүнкү күндө бааны көзөмөлдөө иштери жүрүп жатат. Чектөөнү бузгандар мыйзам бузуу беренеси менен административдик жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда айрым сатуучулар азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүп салышкан.