04:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто кичирайондорго ун жеткирип берүү уюштурулду

Ош шаарында жети районго ун жеткирип берүү уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Мааламатка ылайык, Ош шаарындагы жергиликтүү бийлик облусттун карамагындагы «Амир-Тимур», «Туран», «Манас-Ата», «Сулайман-Тоо», «Керме-Тоо», «Курманжан Датка» кичирайондоруна жана Жапалак айылдык округуна ун жеткирип берүүнү уюштурду.

Ноокат районунда 3 жарандан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу шаардык мэр, коомдук транспортторду токтотуп, базарларды жапкан. Буга ылайык жарандар ун менен камсыздандырылууда.

«Бул райондордун тургундары ун алуу үчүн арыз менен кайрылса болот. Жергиликтүү бийлик кичирайондорго чейин жеткирип берет. Ал эми шаардын чекесинде жашаган жарандар райондогу административдик борборлоруна келип ун сатып алса болот», — дейт Ош шаардык муниципалитет.

Эске сала кетсек, бир күн мурун Ош шаарында бир нече жаран унга тизмекке туруп, алардын көптүгү коомчулукта талкуу жараткан. Бүгүнкү күнү калаада коомдук транспорттор токтотулду.

Эң көп окулган жаңылыктар