Ошто коомдук транспорт токтойт

14:46, 20 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Коронавируска байланыштуу Ош шаарындагы коомдук транспорттор токтойт. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка ылайык, коомдук транспорттун токтошу Ноокат районундагы коронавирустун симптомдору аныкталган 3 аялдын аныкталышы менен түшүндүрүлөт. Алар Ош шаарына Кувейттен келишкен.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жалпы 6 бейтап изоляцияга алынды. Алар Ноокат жана Сузак райондорунун тургундары.