Депутаттар коронавирус коркунучу тууралуу эл менен жолугушат

10:53, 20 марта 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирусту алдын алуу иретинде райондорго барып эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу парламенттин пресс-кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кечээ Жогорку Кеңеште бул долбоор боюнча токтом кабыл алынды.  Депутаттар 23-марттан 27-мартка чейин эл менен жолугуп ,тушүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Пресс-кызматкердин берген маалыматына караганда, төрага Дастанбек Жумабеков: «жергиликтүү өкмөттүн органдары менен биргеликте депутаттар райондун эли менен жолугушат. Алар коронавирусту алдын алуу жана кантип гигиенаны туура сакташ керектиги тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ошондой эле санитардык-эпидемиялык алдын алуу аракеттерин көзөмөлдөп кайтышат», — деп билдирет.

Эске сала кетсек, Ош облусунун Ноокат районунда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды.